Биринчи май районунун акимиаты «Human Appeal International» эл аралык кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондун социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүштү.

“Бугу-Эне-Багыш” конушунун кичинекей тургундарына 30 даана жылуу куртка тапшырылды.

Балдар ошол жерден эле кышкы кийимдерин кийип көрүштү, аларга райондун башчысы Жамалбек Ырсалиев жана фонддун директору Айоуб Али жардам беришти.

Белгилей кетсек, “Бугу-Эне-Багыш” конушунда фонддун эсебинен 0,6 гектар аянтка фельдшердик-акушердик пунктту (ФАП), ошондой эле 2,68 гектар аянтка мектепт куруу пландалууда, долбоорду иштеп чыгуу иштери башталды.

Эске салсак, өткөн жылы конушка 103 даана темир-бетон мамылар, 630 кВт кубаттуулуктагы 1 ГКТП жана 4,5 км СИП (өзүн-өзү кармап турган изоляцияланган зым) тартылып, трансформатордук көмөкчордонду туташтыруу иштери бүткөрүлгөн.

Шаар тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында 219 метр тереңдиктеги скважина калыбына келтирилип, суу чыпкасы жана скважинаны иштетүү үчүн контейнер орнотулган. Ошондой эле №120- каттам ачылган. Биринчи май акимиаты тарабынан жаңы конуштун борбордук көчөсүнө шагыл төгүү иштери жүргүзүлгөн.

Маалымдама: “Бугу-Эне-Багыш” эң алыскы конуштардын бири, Бишкек шаарынан 44 чакырым алыстыкта жайгашкан, 40 үй-бүлө жашайт.