Учурда Мурас-Ордо конушунда трансформатордук көмөкчордондорду орнотуу иштери жүрүп жатат. 630 кВА шаардык типтеги (ГКТП) беш коплекттик трансформатордук көмөкчордондор төмөнкү көчөлөрдүн кесилишинде орнотулууда:

1) 16чы жана 12чм;
2) 17чи жана 10чу;
3) 15чи жана 14чү;
4) 18-де;
5) 22-де жана 11-де.

Белгилей кетсек, бул иштер борбор калаанын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын (ОГУКС) буйругу менен 6,4 млн сомго «Бишкекэлектр» подряддык мекемеси тарабынан жүргүзүлүп жатат. Каражат шаардык бюджетте каралган.