Свердлов районунун акимиаты кайыр сурап, оор абалда калган балдарды аныктоо боюнча рейддерди үзгүлтүксүз өткөрүүдө.

Рейддик иш-чаралар «Дордой», «Аламедин», «Мадина», «Чынар», Старый толчок базарларында, «Глобус», «Народный», «Фрунзе», ГУМ «Чынар», ЦУМ «Айчүрөк», супермаркеттеринде, Борбордук мечиттин жанындагы жана башка мечиттерде беш мобилдик топ тарабынан өткөрүлдү. Ошондой эле түнкү интернет клубдарды, кафелерди текшерилди. Жалпысынан 185 объект камтылды.

Жыйынтыгында 5 аял жана 9 бала, ошондой эле түнкүсүн чоң кишилердин коштоосу жок жүргөн кароосуз калган 7 бала аныкталды.

Бардык аныкталган фактылар боюнча жашы жете элек балдардын ата-энелери менен келечекте мындай фактыларды болтурбоо максатында профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бардык аныкталган кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөр ата-энелерине жана туугандарына өткөрүлүп берилди.