Свердлов районунун аймагында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки чегүүнүн, никотиндин жана тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча рейддер уюштурулду.

Тамеки чегүүгө каршы текшерүүлөр тамактануучу жайларда, оюн-зоок жайларында жана башка коомдук жайларда өткөрүлүүдө.

Кечээ 7 мекеме текшерилип, бул жолу Adriano кофеканасында жана «Дым востока» барында мыйзам бузуулар аныкталды.

Жалпы суммасы 23 000 миң сомго протоколдор түзүлдү.

Тамеки тартууга каршы текшерүүлөр Октябрь районунун аймагында да өткөрүлдү. 5 коомдук тамактануу пункттары текшерилип, мыйзам талаптарын бузгандарга, Live Bar кафе-барына карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 84- беренесине ылайык 13000 сом өлчөмүндө протокол түзүлдү.

Урматтуу бизнес коомчулугунун өкүлдөрү!

Мыйзамды сактоого чакырабыз. Тамеки чегүүгө каршы күрөштө биргелешип жакшы натыйжаларга жетишебиз.