Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Тимирязев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисинин кесилишинде жайгашкан күйүүчү-майлоочу май кампасында көчмө жыйын өткөрдү.

Эске салсак, былтыр декабрь айында аталган кампада өрт чыккан. Бирок бул окуядан кийин дагы кампа өз ишин улантууда. Жыйындын жыйынтыгында Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен кампа тергөө иштери бүткөнгө чейин бекитилди.

Объекттин ээлерине товарын чыгарып кетүүгө убакыт берилди.