Шаар башчысы  шаардыктардын өтүнүчү менен борбордун 6- жана 7-кичи райондорунда көчмө жыйындарды өткөргөн.

6-кичи райондо "Эдельвейс" курулуш фирмасы жаңы имарат курууга котлованды даярдады. Бирок, жергиликтүү тургундардын ою боюнча аткарылып жаткан иштер мыйзамсыз. Буга байланыштуу муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жетекчисине курулуш иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү тапшырылган.

7-кичирайондун тургундары мэрге "жалпы пайдалануудагы жерде" уюштурулган курулушка карата нааразы экенин билдиришкен. Жолугушуунун жүрүшүндө шаардыктар  муниципалдык кызматтардын жооптуу кызматкерлери ушул аракеттердин мыйзамдуулугун кароо боюнча өтүнүч берүү мөөнөтүн өткөрүп жибергендигин айтышты.

Шаар башчысы өз кезегинде процесстин уланышына жана мыйзамдуулугуна байланыштуу кызматтык териштирүү жүргүзүүнү тапшырды. Муну менен катар мэр бул маселе КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинен чыкпаган жарандардын кызыкчылыгы үчүн караларын белгиледи.

Жолугушуулардын жыйынтыгында Айбек Джунушалиев бардык соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин бардык курулуш иштерин токтотууну тапшырды.