Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиевдин  шаардыктарды  жеке кабыл алуусу өткөрүлдү.

Бул жолу 12 шаар тургуну кайрылган, негизинен кайрылуулар материалдык жардам көрсөтүү, турак-жай менен камсыз кылуу, жер маселеси боюнча болду.

Бардык маселелер боюнча райондук кызматтарга акимчиликтин компетенциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашоочулардын кайрылууларын тез арада чечүү тапшырмасы берилди.

Урматтуу Биринчи май районунун тургундары! Райондун акими Жамалбек Ырсалиев шаршемби күндөрү тургундарды кабыл алса, дүйшөмбү күнү акимдин биринчи орун басары Сатыбек Каныбеков, акимдин социалдык маселелер боюнча орун басары Аида Рысбаева шейшемби күндөрү, ал эми бейшемби күндөрү акимдин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары  Чыңгыз Байсов кабыл алат.

Жеке кабыл алууга жазылуу жана толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: 0(312) 32-51-60.

\