Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинде коомдук транспорттун каттамдарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны жума сайын өткөрүлөт.

Бул жолу алты маселе каралды.

Талкуунун жыйынтыгы менен №17 автобустук каттамдын кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү, Жамгырчинов көчөсүнө кире турган жерди алып салуу чечими кабыл алынды.  Андан кийин каттам ошол эле кыймылдын схемасы боюнча жүрөт.

Өскөн-Ордо конушунун жашоочуларынын өтүнүчү менен 188 маршуттук каттам Салкын-Төр жаңы конушуна чейин1 айга убактылуу узартылды, калган схема өзгөрүүсүз калды.

№185 кичиавтобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлүп, азыр маршруттук каттамдар Алыкулов, Гагарин, Азия жана Ак-Дөөлөт көчөлөрү менен акыркы аялдамасы мечиттин жанынан каттайт.
Белгилей кетсек, Лущихин көчөсүндөгү №42 мектептин окуучулары үчүн  5 атайын микроавтобус бөлүп берүү чечими кабыл алынды.

№185 маршруттук каттам азыр муниципалдык болуп калды.

Эске салсак, бул комиссия шаардык каттамдарды ачуу, жабуу жана өзгөртүү боюнча объективдүү кароо жана негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.
Курамга ИИМдин Патрулдук-күзөт кызматынын башкармалыгынын, Бишкек шаары боюнча Автоунаа, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөлдөө агенттигинин, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрү кирет.

Урматтуу шаардыктар! Комиссия ар аптанын  жума күндөрү саат 14:00дө өткөрүлөт жана расмий баракчасында көрсөтүлөт: https://www.facebook.com/ugt533646
Коомдук транспорт үчүн WhatsApp: 0 (502) 205 202 номерине кайрылсаңыз болот.