Свердлов районунда акимдин биринчи орун басары А.Маматовдун төрагалыгы алдында кирешелер боюнча кезектеги штаб болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө 2022-жылдын январь айына белгиленген 157,3 миллион сомдук болжолдуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча маселелер, ошондой эле 2022-жылга биргелешкен иш пландары талкууланды.

Үстүбүздөгү жылы салыктык түшүүлөрдү жыйноону аяктоо, салыктын ар бир түрү боюнча ишти күчөтүү боюнча тапшырмалар коюлду.