Учурда балдардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн 23 мектеп убактылуу онлайн окутууга өттү.

Кошумчалай кетсек, №135, 148, 61 бала бакчалар Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көрсөтмөсү менен иштебейт.

Белгилей кетсек, кийинки аптада 13 мектеп оффлайн режимине кайтып келет, алардын арасында: №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38.

Урматтуу шаардыктар! Сизди жана сиздин жакындарыңызды коргоо үчүн болгону 4 (!) пункт бар: беткап кийүү, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо, жакшы, эң эффективдүүсү эмдөө. Ден соолугуңузду сактагыңыз келсе, вакцина алыңыз.