Кечээ Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев №40 орто жалпы билим берүү мектебин карап  чыкты.

Аким окуу жайынын абалын текшерип, билим берүү процессин жакшыртуу жолдорун жана мектептин чарбалык маселелери менен таанышты.

Жалпы мектептин аймагы 1,63 га түзүп, жаңы окуу корпусуна кошумча курулуш кошууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күнү мектепке 500 окуучу орунга эсептелген улай курулуш курууну Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине киргизүү пландалууда.

Белгилей кетсек, №40 орто мектептин долбоордук кубаттуулугу 520 окуучу болот. 2021-2022-окуу жылынын башталышына карата окуучулардын саны 1510 окуучуну түзгөн, ага байланыштуу окуу орундарынын жетишсиздиги маселе жаратат.
Мындан тышкары райондун башчысы мектеп администрациясына аймакка жанаша санитардык тазалоону, күлдү чыгарууну, ошондой эле жооптуу кызматтарга жеткирилген көмүрдүн сапатын көзөмөлгө алууну тапшырды.