Ленин районунун акимиатында  жолдорду оңдоо боюнча кезектеги райондук штаб өткөрүлдү.

Күн тартибинде Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга гранттык каражаттарынын эсебинен Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорунун  II фазасын ишке ашыруу маселеси каралды.

Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы берген маалыматка ылайык, Ленин районунун аймагында 2021-2022-жылдарга КЭРдин гранттык каражатынын эсебинен 25 көчөнү капиталдык оңдоо каралган,  жалпы узундугу 29,5 км түзөт.

2021-жылы 16 көчөдө узактыгы 20,9 км болгон жол иштери жүргүзүлгөн. 11 көчөлөрдө жол иштери аяктады, 5 көчөдө жол иштери 2022-жылдын жаз мезгилинде кайтадан башталат.

2022-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын ККБ линиясы боюнча жалпы узундугу 8,6 км болгон 9 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү пландаштырылган.

Райондук штабдын отурумунун соңунда Бишкек шаарынын мэриясынын райондук жана аймактык башкармалыктарына жол иштерин жүргүзүүгө тоскоолдук кылуучу курулуштарды жана объектилерди аныктоо үчүн көчөлөрдү иликтөө жүргүзүү тапшырылды. Инженердик жана коммуналдык кызматтарга жол иштери башталганга чейин инженердик тармактарды даярдоону аяктоо керектиги тапшырылды.
Жол иштери 2022-жылдын март айында күн жылыган мезгилде  башталат.