Бишкек шаарында жай мезгилинде сугат сууну тоскоолдуксуз жеткирүү үчүн шаардын негизги сугат каналдарын тазалоо иштери башталды.

Борбор калаанын коллектордук-дренаждык жана ирригациялык тармактарын тазалоо иштерин “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын “Суу чарба” бөлүмү жүргүзүүдө.

Скрябин көчөсүн бойлой Матросов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин «Чоң Чүй Каналы» магистралдык каналын кол менен тазалоо иштерин баштадык. Борборубуздун Биринчи май районунда механикалаштырылган тазалоо жүрүп жатат. «Көлмө» конушунда жана «Г-1» каналында Малдыбаев көчөсүнөн Сухомлинов көчөсүнө чейинки аралыкта кудуктар тазаланып, ашыкча нымдуулуктан жана таштандылардан тазаланып жатат.

«Бишкекжашылчарба» ишканасынын балансында 90,2 км камсыз кылуучу магистралдык сугат каналдары, 408,9 км ирригациялык тармактар жана 80,6 коллектордук-дренаждык тармактар бар.

Борбор калаанын мэриясы курулуш компанияларын, соода күркөлөрүн жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди, ошондой эле шаардыктарды ирригациялык жана коллектордук-дренаждык түйүндөргө таштанды ыргытпоону суранат.

Эскерте кетсек, жайкысын жолдорду жана тротуарларды суу каптап кетишинин негизги себептеринин бири шаардык ирригацияга таштанды толуп калгандыгы.