Күн сайын муниципалитеттин санитардык-экологиялык инспекциясы шаардагы тазалыкты жана тартипти кылдаттык менен көзөмөлдөп, жөө кыдырууларды  улантууда

Бул жолу тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн (Абдрахманов №152 дарегиндеги) «Азия Батыш Бишкек» жана “Шерой” ишканалары КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 114-беренесине ылайык 13 миң сомго, ал эми шаар тургуну Ж.Н. 3 миң сомго айып тартышат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын тургуну М.к.Д. өндүрүш калдыктарын белгиленген жерге төкпөстөн, үйүнүн жанына таштагандыгы үчүн 7500 сом айып салынды.

179-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, өз алдынча жер казуу иштерин жургүзгөндүгү үчүн «Бай Бол» ишканасы жоопкерчилик тартат.

Ал эми «Битрейд Имплекс» ишканасы Курчатов №65 дарегиндеги  жолду булгап, 177-берененин 2-бөлүгү менен 23 миң сом айыпталды. Бирок өкүлдөр күнөөсүн мойнуна албагандыгы үчүн  иш мыйзам бузуулар боюнча административдик комиссиясында каралат.

Урматтуу шаардыктар! Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузулушуна күбө болсоңуздар, Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.