Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын алдындагы шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектебинин 32 катышуучусу шахмат боюнча чемпионатка катышып,  алдыңкы орундарды 5 окуучу ээлешти:

- Сагынбекова Жибек-1 – орун кыздар категориясында 10 жашка  чейин;
- Амина Шергалиева-2-орун 6 жашка чейинки кыздар категориясында;
- Рахатбеков Нурумар - 3-орун 6 жашка чейинки балдар категориясында;
- Аманов Асад-3-орун 10 жашка чейинки балдар категориясында;
- Пак Аарон-3-орунга 14 жашка чейинки балдар категориясында.

Турнир швейцариялык жана тегерек системасы боюнча кыздар жана балдар арасында өз-өзүнчө 7 же 9 тур боюнча өттү.

Чемпионат перспективалуу көз карашынан алып караганда, Кыргыз Республикасынын жаш шахмат оюнчуларынын эң абройлуу болуп саналат. Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери биздин өлкөнү 2022-дүйнө чемпионатында жана Азиянын жана Батыш Азиянын расмий чемпионаттарында катышат.

Бул чемпионат биринчи жолу сахнадагы күйөрмандары реалдуу убакытта 13-партияны  Lichess.org, Youtube.com жана Livechesscloud.com платформаларында көрсөтүлдү.

Мелдешке Кыргызстандын бардык 7 облусунан 320дөн ашык катышуучу жана коштоп жүргөн 350 машыктыруучу  катышты.