Борбор калаада эпидемиологиялык абал оор бойдон калууда. 24-январга карата жаңы катталган коронавирус инфекциясы жана жугуштуу пневмония менен ооругандардын саны 314 учурду түздү.

Калкка өз убагында медициналык жардам көрсөтүү максатында "118" колл-борборунун жана мобилдик медициналык бригадалардын иши күчөтүлдү.

"118" кызматында 12 линия эртең мененки саат 8:00дөн кечки 22:00гө чейин 2 нөөмөт менен иштейт.  Акыркы сутка ичинде 437 кайрылуу кабыл алынып, 120сы COVID-19га шектелүү менен мобилдик топторго өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле учурда 22 мобилдик бригада иштеп жатат. Акыркы сутка ичинде 335 чакыруу тейленип, ПЧР-изилдөө үчүн 299 мазок алынган.

Мындан тышкары шаардыктарды илдеттен коргоо жана калкты эмдөө менен толук камтуу максатында шаардын ар бир районунда эмдөө пункттары жайгаштырылган.

Бишкек шаарынын аймагында  81 эмдөө пунктары иштеп жатат:
- 19 ҮМБда жана 7 филиалында;
- шаардык студенттер бейтапканасында;
- спорттук-реабилитациялык борборунда;
- ТЖОнын (Темиржолооруканасынын) бейтапканасында;
- КРПжӨИБКОнын (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасынын) бейтапканасында;
- Кыргыз-Түрк ооруканасында;
- 11 жеке медициналык борбордо;
- 10 билим берүү мекемелеринде;
- 20 дарыгердик амбулаторияларда;
- 9 соода борборунда;

Жарандарга төмөнкү вакциналар сунушталат:  SinoPfarm, AstraZeneca, Pfizer, Спутник-Лайт, Moderna.
24-январга карата эмдөө башталгандан  бери жалпы 158 миң 367 адам биринчи эмдөөдөн,  130 миң 289 адам 2-чи эмдөөдөн жана 9 миң 386 бустердик эмдөөдөн  өттү.

Урматтуу шаардыктар! Сиздерден сактануу чараларын так сактоону: массалык иш-чараларга баруудан баш тартууну, аралыкты сактоону, бет кап тагынып, колду бат баттан жууп, жабык жайларды желдетип турууну, антисептик менен колдонууну жана эмдөө өтүүнү суранабыз. Эмдөө таажы тумоо менен күрөшүүнүн жалгыз натыйжалуу ыкмасы болуп саналат.