“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн кардан жана муздан тазалоо  иштерин улантууда.

Эртең мененки тазалоого МАЗ үлгүсүндөгү 25 кар тазалоочу унаа, 1 ЗИЛ, 4 универсалдуу унаа, тротуарларды тазалоо үчүн 5 «Беларусь» трактору тартылган.

475 тонна техникалык туз пайдаланылды. Ишкананын жол-эксплуатациялоо башкармалыгынын 25 жумушчусу жана 628 тазалоочу иштеп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Автомобиль жолдорунун боюндагы айрым тилкелер тазаланбай калганына күбө болсоңуз, бул тууралуу 0554 182 185 номуруна же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кабарлаңыздар.