Урматтуу шаар тургундары! Эскерте кетсек, Бишкек шаарын жылуулук менен эки уюм: «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы жана «Бишкекжылуулукэнерго» ААК камсыздайт.

«Бишкекжылуулукэнерго» ишканасы шаардын түндүк-батыш жана түштүк-батыш бөлүктөрүн тейлейт: Жал кичи району, Аскер шаарчасы, Газ шаарчасы, «Орто-Сай» жана «Калыс-Ордо» конуштары, Жумушчу шаарчасы.

Шаарга жылуулук берген уюмдар бири-биринин ишине жооп бербейт.

Сураныч, жылуулуктун жетишсиздиги боюнча арыз жазуудан мурун үйүңүздөгү жылуулукка кайсы мекеме жооптуу экенин тактап алыңыз.

Эгерде сиздин үйдү жылуулук менен кайсы мекеме тейлерин билбей жатсаңыз, сизге келген дүмүрчөктөн карасаңыз болот.

Ишкананын ишеним телефондору сиз үчүн дайыма жеткиликтүү:

- 0312 21-28-44 - диспетчердик кызмат 8:00дөн 17:00гө чейин;
- 0312 21-29-06 - күнү-түнү иштеген диспетчердик кеңсе;
- 0701 777-110 - ишкананын  What`sApp номери.

Биз ошондой эле ишкананын социалдык тармактардагы баракчасына кайрылууну суранабыз:

https: //instagram.com/bishkekteploenergo ...
https://www.facebook.com/bteploenergo/