Борбор калаада нымдуу кар дарак бутактарынын салмагына терс таасирин тийгизүүдө.

Ушул себептен улам, Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды жеке мүлкүнө зыян келтирбөө жана кырсыктарды алдын алуу үчүн унааларын бактардын жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.

Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номурларына жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборунун 1840 жана 1850 күнү-түнү иштеген номерлерине, ошондой эле сүрөттөрдү жана видео билдирүүлөрдү 0554 -182-185 номерине жөнөтүүнү суранабыз.

Этият болуңуздар жана жылуу кийиниңиздер!

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы ар дайым сиздер менен байланышта!