14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов шахмат боюнча балдар арасында Президенттин Кубогу үчүн турнирдин жабылыш аземине катышты.

Турнирге республиканын бардык аймактарынан 350 бала катышты. Мелдеш 5 жаш категориясы боюнча швейцариялык системада 7 турда өттү.

Статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, жаш шахматчыларга бийик жетишкендиктерди каалады.

Сүйүнбек Касмамбетов шахмат мамлекетти башкарган жогорку чөйрөнүн адамдары үчүн байыркы оюн экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, бул оюн курчтукту, ой жүгүртүүнүн ылдамдыгын өстүрөт жана ата-энелерди балдарын  өлкө атын даңазалай турган эл аралык мелдештерге жиберүүгө чакырды.

Ошондой эле статс-катчы өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча тиешелүү ведомстволордун жетекчилери тарабынан көрүлүп жаткан чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын соңунда  жаш категориялары боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп, андан соң турнир жабык деп жарыяланды.