«Тазалык» муниципалдык ишканасы шаарды кардан, муздан тазалоого даяр.

Инерттик материалдардан техникалык туз колдонулуп, учурда кампада 4928 тонна бар.

Себүү иштери шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлүүдө. Шаардын жолдорунун жүрүүчү бөлүгүн кардан  тазалоо үчүн 39 атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү 2 кум чачуучу машина, 2 алдыңкы жүктөгүч, 5 щеткалуу трактор (Беларусь) жана 4 универсалдуу унаа тартылды.

Жол боюндагы аялдамалардагы жана тротуарлардагы карды тазалоо иштерине 715 жол тейлөөчү, 121 жүктөгүч жана 650 тазалоочу тартылат.

Урматтуу шаардыктар! Автомобиль жолдорунун боюндагы айрым тилкелер тазаланбай калганына күбө болсоңуз, бул тууралуу 0554 182 185 номуруна же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү кабарлаңыздар.