“Бишкексууканал” башкармалыгынан билдиргендей, 18-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда муздак суу болбойт.

Абакан,  Дэн Сяопин, Волков, Садыгалиев көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймак суусуз калат.

Киркомстром суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү техникалык жактан тейлөө  жана оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт.

Бишкек шаарынын  мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууларын суранат.