Биринчи май райондук администрациясында 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйын аким  Жамалбек Ырсалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, ага шаардык жана райондук кызматтардын, Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери катышты.

Участкалык шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жабдыктар менен камсыздоо, ошондой эле ар бир шайлоо участкасында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көмөк көрсөтүү маселелерин талкууладык.

Жыйынтыгында участкалык шайлоо комиссияларына жүктөлгөн райондук кызматтарга керектүү жабдууларды өз убагында камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилип, ошондой эле муниципалдык кызматкерлерди, кварталдык, үй комитеттеринин төрагаларын шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө эскертилди.

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтин, МАБдардын кызматкерлеринин, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кийлигишүүсүнө күбө болсоңуздар, дароо кабарлаңыздар. Арыздар саат 9:00дөн 18:00гө  чейин төмөнкү номерлер боюнча кабыл алынат:

- Биринчи май району: 0 (312) 62-11-61,  WhatsApp: (0999) 312666;

- Свердлов району: 0 (312) 43-38-63,  WhatsApp: (0776) 680-544;

Октябрь району: 0 (312) 57-89-00,  WhatsApp: (0772) 408-412;

Ленин району: 0 (312) 65-69-02,  WhatsApp: (0702) 927288;

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ишеним телефону: 1255, 660240.