Райондук акимчиликтер көмүр сатуучу жайларды текшерүүнү улантууда.

Күз-кыш мезгилинде катуу отундун чекене соодасындагы баанын өсүшүнө жол бербөө максатында сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул жолу Биринчи май жана Свердлов райондорунун базалары текшерилди: Щербакова көчөсү 121, Кызыл-Кийская көчөсү 170, Махатма Ганди 201 (Азиз базары),  Ак-Босого конушундагы  Месарош көчөсү, ошондой эле айланма жол.

Ошондой эле көмүрдүн запасы жетиштүү экени аныкталды.

Белгилей кетсек, иш-чаралар КРнын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.