Боталиев көчөсүндөгү сейил багында борбор калаанын күзгү спартакиадасынын программасындагы финалдык мелдештер өттү.

Мелдешке спорттун 4 түрү: кичи футбол, эстафета, дартс, балдар жана өспүрүмдөр арасында аркан тартыш боюнча райондук этаптын жеңүүчүлөрү катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ленин району, 2-орунду Биринчи май району, 3-орунду Свердлов району ээледи.

Мелдештин максаты - балдар жана өспүрүмдөр арасында сергек жашоого үндөө, балдарды дене тарбия жана спортко тартуу, коомдогу терс көрүнүштөрдөн балдарды  алаксытуу.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы ШИИБ жана борбор калаанын төрт районунун жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору менен биргеликте уюштурду.

Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.