Свердлов районунун башчысы Бахтияр Карамшаков 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого райондун шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерди.

Район башчысы шайлоо участокторун текшерип,  Свердлов районунун аймагындагы  58 шайлоо участогун материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурду.

Учурда шайлоо участкаларынын даярдыгы 80 % түздү. Объектилерди бардык зарыл нерселер менен жабдуу боюнча тиешелүү пландуу иштер жүргүзүлүүдө.

Шайлоо участкаларынын басымдуу бөлүгү шаардын билим берүү мекемелеринде жайгашкандыктан, алардын жетекчилери шайлоо участкаларын шайлоого даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолушту.

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтин, МАБдын кызматкерлеринин, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кийлигишүүсүнө күбө болсоңуздар, тез арада бизге кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Арыздар эртең мененки саат 09:00 дан 18:00 ге чейин төмөнкү номерлер боюнча кабыл алынат:

- Свердлов району: 0 (312) 43-38-63, ошондой эле WhatsApp: (0776) 680-544;

- Биринчи май району: 0 (312) 62-11-61, ошондой эле WhatsApp: (0999) 312666;

- Октябрь району: 0 (312) 57-89-00, ошондой эле WhatsApp: (0772) 408-412;

- Ленин району: 0 (312) 65-69-02, ошондой эле WhatsApp: (0702) 927288;

КРнын  БШКнын ишеним телефону: 1255, 660240.