Свердлов акимчилигинде райондук прокуратуранын демилгеси менен райондун башчысы Бахтияр Карамшаковдун төрагалыгы алдында укук коргоо органдарынын укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешмеси болуп өттү.

Ага райондук жетекчилер жана райондук МАБдын башчылары катышты.

Жыйынтыгында Свердлов районундагы коомдук-саясий кырдаал жана алдыдагы 2021-жылдын 28-ноябрына пландаштырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча Свердлов районунун аймагындагы УШКларда коомдук тартипти  камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселелер каралды. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары жана №17, 18, 19, 20, 21 МАБдардын башчылары баяндама жасашты.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат адамдары тарабынан административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, паракорчулук, шайлоо укуктарын эркин ишке ашырууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле үгүт иштерине бөгөт коюу маселеси каралды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов районунун прокурору баяндама жасады.

Райондун УШКларына бекитилген шаардык кызматтар менен бирдикте бардык УШКларды керектүү материалдык -техникалар жабдуу тапшырылып, шайлоо процессине кийлигишүүгө, кызмат абалынан пайдалануу жана башка аракеттерге жол бербөө өзгөчө белгиленди.