Урматтуу шаар тургундары! Бүгүн эртең менен борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын кардан тазалоо үчүн  чыктык.

Тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталды.

Тазалоо иштерине Жол тейлөө башкармалыгынын  12 кызматкери жана  35 даана атайын техникалар: 25  МАЗ үлгүсүндөгү кар тазалоочу машина, 4 универсал УКМ, 5 «Беларусь» кичи трактору, 1 алдыңкы жүктөгүч жана 1 ЗИЛ тартылды.

Борбор калаада 608 тазалыкчы кадимки режимде иштеп жатат.
Эртең менен 44 тонна техникалык туз сарпталды.
Таза шаар үчүн “күрөш” тынымсыз уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз жол боюндагы айрым участоктордо тазаланбаганына күбө болсоңуз, ошондой эле тротуарлардын тазаланбаганын көрсөңүз, борбор калаанын мэриясынын WhatsApp: 0554 182 185 номерине же 1840 жана 1850 номурларына күнү-түнү билдирип коюңуздар.