«Ынтымак-2» сейил багында дагы бир масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Күзгү көчөт отургузуу жана жаңы сейил бак куруу планына ылайык, 100гө жакын тамыры ачык көчөттөрдү отургуздук.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканасында өстүрүлгөн мажүрүм талдарды жана «Armyroom” жамаатынын белеги болгон кайыңдарды мэриянын кызматкерлери отургузушту.

Отургузуу ишкананын директору жана башкы агроном баш болгон жашылдандыруучулардын катуу көзөмөлү астында жүргүзүлдү.

Эске салсак, ачык тамыр системасы бар дарактарды шире агымы токтогондо, күзүндө отургузуу сунушталат.