Бишкекте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жыйыны өттү.

2021-жылдын 22-октябрында Биримдиктин делегаттары башкармалыктын мүчөлөрүн шайлашты. Өз кезегинде бүгүнкү жыйында башкармалыктын төрагасын жана орун басарын шайлоо өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында коллегиянын төрагалыгына Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, орун басарлыгына Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Найзабек Көлбаев шайланды.

Ошондой эле бир катар документтер коллегия мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталды. Тактап айтканда, КРнын ЖӨБ бирлигинин 2020-2025-жылдарга өнүктүрүү стратегиясы, КРнын ЖӨБ органдарынын коммуникация стратегиясы, Ревизиялык комиссиянын иш регламенти, КРнын ЖӨБ бирлигинин товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча жобосу, финансылык туруктуулуктун планы, ошондой эле мониторинг жана баалоо системасы. Бул документтердин айрымдары кийинки жыйында бекитилет.

Белгилей кетсек, жыйынга өлкөнүн бардык облустарынан жана республикалык маанидеги шаарлардан делегаттар чогулду.

Маалымдама: КРнын ЖӨБ биримдиги борбордук жана жергиликтүү деңгээлде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын таламдарын билдирет жана коргойт, өз жарандарынын бакубат жашоосу үчүн Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө салым кошот.

2020-жылы ЖӨБ биримдиги Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көпчүлүгүн бириктирген бирикме болуп саналат.