Бишкек шаарынын  мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Турусбеков-Манас көчөсүндөгү Чоң Чүй каналы аркылуу өткөн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнү демонтаждоо иштерин баштады.

Эски жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрөнүн ордуна автомобиль көпүрөсүн куруу пландалууда.

Долбоорго ылайык, реконструкциядан кийин көпүрөнүн узундугу 36,5 метрди, туурасы 11 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарапка туурасы 2,25 метр болгон коопсуз жөө адамдар өтүүчү жол орнотулат.

Белгилей кетсек, “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруунун алкагында Турусбеков-Манас көчөсү Ташкент көчөсүнөн Щербаков көчөсүнө чейин реконструкцияланууда. Реконструкцияланган участканын узундугу 2,23 чакырымды түзөт.

Жол куруу иштерин Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчы «China Road and Bridge Corporation» жүргүзүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз.