Биринчи май районунда кант диабетин эрте аныктоо боюнча акция өттү.

14-ноябрда бүткүл дүйнөдө диабет күнү белгиленет.

Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эндокринологиялык борбору «Кыргызстандын диабет жана эндокринологиялык ассоциациясынын» жардамы жана «ФАРМАК» ЖАКсынын  колдоосу менен уюштурду.

Акция Биринчи май акимиатынын имаратынын жанында өттү. Каалоочулар үчүн кандагы кантты бекер өлчөө уюштурулду.  Шаардыктардын 180ге жакыны кандагы кантты текшерип, анын 20сында нормадан четтөө байкалган. Аларга шаардык эндокринологиялык диспансерде текшерүүдөн өтүү боюнча сунуштар берилди. Мекеменин дареги: Панфилов көчөсү 199, сурап билүү телефону: (312) 62-18-14.

Изилдөөдөн тышкары каалоочулар канттын чегинен ашпасы үчүн тамактануу боюнча кеңеш ала алышты.

Урматтуу шаардыктар! Оорунун күчөп кетпеши үчүн алдын ала дарыланыңыздар.