Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы жана шаардык усулдук бирикменин мүчөлөрү менен биргеликте математика, физика жана информатика  мугалимдерине “Жаш мугалим мектебин” уюштурушту.

Окутуу «Өз алдынча билим алуу аркылуу жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу: чыгармачылык семинарларга катышуу, заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу» аталышта семинар форматында өттү.

№29 орто мектептин математика мугалими Камчиева Асель Мансуровна  «Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар өз алдынча билим алуунун, педагогикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүүнүн формаларынын бири катары» темасында маалымат берди.

№ 70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясынын  мугалими Лебедева Галина Николаевна  «Кружоктордун тематикасы жана мектеп компоненти»  тууралуу  айтып берди.

Ошондой эле Г.Н.Лебедеванын математика боюнча окуучулар үчүн кызыктуу автордук колдонмолору жана иш дептерлери тартууланган, алар математиканын бардык кылдат жактарын тереңирээк жана чоң кызыгуу менен үйрөнүүгө мүмкүндүк берет.

Ал эми № 70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясынын мугалими,  «Жүрөгүмдү балдарга арнайм-2019» шаардык сынагынын жеңүүчүсү Эсенбаева Гүлнара Асановна  5-класста математика сабагынан маселелерди чыгаруунун методикасын үйрөтө турган «Эки критерий менен аныкталган көптүк элементтеринин саны» аталышта мастер-класс өткөрдү.

"Жаш мугалимдер мектеби"  быйылкы окуу жылында өз ишин жаңыдан баштады жана анын уланышына карата көптөгөн пландар жана үмүттөр бар.