15-ноябрдан 18-ноябрга чейин борбордун бир районунда газ убактылуу өчүрүлөт.

Урматтуу шаардыктар! «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын Бишкек шаарындагы филиалынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 15-ноябрынан 18-ноябрына чейин Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө газ убактылуу болбойт.

Өчүрүү аймагы  Махатма Ганди көчөсү, Ала-Арча дарыясы,  Жапаров көчөсү, ЧЧК чектелген. 382 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.

"Көлмө" конушундагы Жаштык көчөсүн бойлой жайгашкан  жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.

Ал эми 2021-жылдын 16-ноябрынан 18-ноябрына чейин  Ленская көчөсү №50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүн кесип салууга байланыштуу,  Ю.Фучик, Ленская көчөлөрү жана Сергей Лазо чолок көчөсү менен чектелген аймактагы  20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.

“Бишкекгаз” келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.