Биринчи май акимиаты райондогу башаламан  сооданы жоюу иштерин улантууда.

Райондук администрациянын  өкүлдөрү стихиялуу соодагерлердин сүйүктүү жери – Жибек-Жолу проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишин карап чыгышты.

Белгилей кетсек, буга чейин сатуучуларга борбордо соода эрежелерин сактоо боюнча эскертүүлөр, Бишкек шаарынын мэриясынын буйруктары берилип, административдик жоопкерчиликке тартылары эскертилген.

Бирок сатуучулар берилген эскертүүлөрдү аткарышкан эмес. Буга байланыштуу   акимчиликтин адистери КР «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 293-беренесине ылайык 27 миң сомго 9 протокол түзүүгө аргасыз болушту.  

Бул багыттагы иштер улантылууда.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын аймагында соода жана жарнакты жүргүзүү эрежелерин сактоону суранабыз.