Борбор калаанын акимчиликтеринде Кыргыз Республикасынын участкалык милиция кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү.

Ленин акимиаты участкалык милициялардын  кесиптик майрамына карата коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерин абийирдүү аткаргандыгы үчүн өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге  муниципалдык администрациянын Ардак грамоталарын жана ыраазычылык баракчаларын тапшырышты.

Биринчи май акимиаты Кыргыз Республикасынын райондук милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Биринчи май РИИБнин төмөнкү кызматкерлери сыйланышты:

Акимияттын Ардак грамоталары:
- Алтыкеев Мирбек Күмүшбекович;
- Калыгулов Улан Сталбекович;
- Инам уулу Улукбек;
- Өмүргазиев Илимбек Сатывалдыевич;
- Мураталиев Адилет Тагайбекович.

Акимиаттын грамоталары:
- Чомоев Бектур Акымбаевич;
- Усупбаев Шайырбек Боронбаевич;
- Эдигеев Марат Асылбекович;
- Бектурсунов Бекжан Бектурсунович;
- Эрмек уулу Аман.

Белгилей кетсек, учурда Биринчи май районунун аймагында 77ге жакын участкалык милиция кызматкерлери өздөрүнө бекитилген административдик округдар менен нөөмөттө турушат, алар борбор калаанын тургундары жана коноктору менен түз байланышта болуп, зарыл болгон шарттарды камсыздоого дайыма даяр турушат.

Райондук милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылуудагы күжүрмөн эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.