Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 12-ноябрынан 16-ноябрына чейин Архитекторлор менен Профессор Зима көчөлөрүнүн кесилишиндеги (Ак босого конушунда) унаа жолу жабылат.

Аталган жол тилкесинде реконструкция иштери жүргүзүлөт.

Киргизская жана Чүй 14 көчөлөрү автоунаалар үчүн альтернативдүү көчөлөр болуп саналат.

“Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 2-фазасынын алкагында, Ак-Босого конушундагы  Архитекторлор көчөсүнүн Киргизская көчөсүнөн Кичи Чүй каналына чейинки узундугу 2 км болгон бөлүгүн реконструкциялоо каралган. Долбоорго ылайык, жолдун туурасы 9 метрди түзөт. Ошондой эле жолдун эки тарабында 1,5 метр узундуктагы тротуарлар болот. Мындан тышкары, Кичи Чүй каналы аркылуу көпүрө куруу да каралууда.

Урматтуу шаардыктар! Жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен мамиле жасап, каттамыңызды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз.