Борбор калаанын мэриясынын жетекчилиги Биринчи май акимчилигинин кызматкерлери менен биргеликте 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушу, керектүү эмеректердин, оргтехникалардын, өрткө каршы жабдуулардын, пандустардын болушу, ошондой эле ар бир шайлоо тилкесинде шаардыктардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу текшерилди.

Мындай текшерүүлөр үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө, УШКларды бардык зарыл нерселер менен жабдуу боюнча пландуу иштер шаардык штабдын көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунун аймагында 49 шайлоо тилкеси бар.

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиздер алдыдагы шайлоо процессине акимчиликтин, МАБдын кызматкерлеринин, билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кийлигишүүсүнө күбө болсоңуздар, дароо кабарлаңыздар. Арыздар эртең мененки саат :00дөн 18:00гө  чейин төмөнкү номерлер боюнча кабыл алынат:

- Биринчи май району: 0 (312) 62-11-61, ошондой эле WhatsApp: (0999) 312666;

КРнын БШКнын ишеним телефону: 1255, 660240.