2021-жылдын 12-13-14-ноябрь күндөрү "Күлүк" Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-уландар мектебинде жаш балдар, жаштар жана улуулар арасында заманбап беш таймаш боюнча Бишкек шаарынын кубогу өтөт, катышуучулардын саны 50 дөн ашуун.

Заманбап беш таймаш боюнча Бишкек шаарынын кубогу Кыргыз Республикасында заманбап беш таймашты кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана Кыргыз Республикасындагы күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлөт.

Катышууга 11 жаштан жана андан улуу балдар, жаштар жана улуулар (эркектер жана аялдар) катышууга мүмкүнчүлүк алат.

Дареги: "Күлүк" ОРАБӨМ, Дорожная көч. 14.

Ачылыш аземи:13-ноябрь 2021-жыл, саат 13:00.

Уюштуруучулар: Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын беш таймаш Федерациясы.