“Бишкексууканал” башкармалыгынын маалыматы боюнча, 11-ноябрда саат 9:00дөн 16:00гө чейин борбор калаанын 3 конушунда муздак суу болбойт.

“Ак-Жар”, “Ак-Бата”, “Келечек” конуштарында суу өчүрүлөт.

Муздак суунун өчүрүлүшүнө «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо-профилактикалык иштер себеп болууда.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме-уюмдарды ичүүчү суу камдап алууларын суранат.