“Бишкексууканал” башкармалыгынын маалыматы боюнча, “Мурас-Ордо” суу алгычында 27 метр узундуктагы түтүктүн авариялык бөлүгүн алмаштыруу иштери жүрүп жатат.

Түтүктөрдү  модернизациялоо иштери ушул жылдын ноябрь айынын башында башталган. Узундугу 12 метрди түзгөн түтүктү оңдоо иштери 19-ноябрда аяктайт.

Экинчи этапта дагы 15 метр түтүктү алмаштыруу каралган. Бул иштер суунун агып кетишинин алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

«Мурас-Ордо» суу алуучу жайы Биринчи май районунун «Мурас Ордо» конушунун тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууда.

«Бишкексууканал» башкармалыгы 2015-жылы суу алгычты техникалык тейлөө  үчүн  өзүнө алган.