13 -14-ноябрда Гоголь көчөсү №59 дарегиндеги Кыргыз Республикасынын Стол тенниси ассоциациясынын спорт залында  стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасындагы биринчи жана жалгыз СССРдин спорт чебери Жеңишбек Таласбаевдин элесине арналган XXVII Эл аралык турнир өтөт.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы тарабынан КРнын стол тенниси ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Эл аралык турнир эркектер жана аялдар арасында 45 жашка чейинки жана андан жогорку курактагы эки тайпада жеке таймашта, жынысына жана жашына карабай жупта ойнолот.

Эл аралык турнирге Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кытайдын спортчулары чакырылган.

Катышуучуларды онлайн каттоо: 2021-жылдын 12-ноябры саат 18:00гө чейин whatsapp номери: 0 (501) 241234.

Сынактын башталышы: 2021-жылдын 13-ноябры саат 10:00, ал эми сынактын ачылышы: 2021-жылдын 13-ноябры саат 13:30.