Борбор калаанын Билим берүү башкармалыгы Билимкана мектебинин базасында англис тили мугалимдери жана жогорку класстын окуучулары үчүн баарлашуу клубун уюштурду.

Клуб АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен ачылды.

Клубду "Фулбрайт" программасынын  бүтүрүүчүсү Сидни Хейнс алып барат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен “Билимкана” фондунун биргелешкен программасы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен мугалимдердин жана студенттердин оозеки тилин жана академиялык жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Клуб окуу жылынын аягына чейин, жума сайын ишемби күндөрү иштейт. Бул убакыттын ичинде клубдун мүчөлөрү катышуу үчүн арыздарды толтуруу, эссе жазуу жана маектешүү шарттарын үйрөнүшөт. Ошондой эле алар Кошмо Штаттардагы билим берүү программалары боюнча керектүү маалыматты алышат.