Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, борбор калаадагы 6 саламаттыкты сактоо мекемесинде оңдоо иштери аяктады.

№12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда чатыры жана тышкы канализациясы оңдолуп, №15 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда электро-сантехникалык  түтүктөрү жана фасады жаңыланды.

№7 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жалпы курулуш иштери жүргүзүлдү. Медициналык тез жардам борборунун жылытуу системасы жана электр блогу да оңдолду.

№1 шаардык клиникалык ооруканада хирургиялык корпустун жана лифттик блоктордун чатырын оңдоо иштери жүргүзүлдү. Шаардык балдардын сүт ашканасынын ички жасалгалары оңдолуп бүттү.

5 саламаттыкты сактоо мекемесинде иш жүрүп жатат.

Башкармалыктын мкурулуш объектилеринин титулдук тизмесине ылайык, 2021-жылга 90 муниципалдык объектти оңдоо пландалууда. Анын ичинен: 55 билим берүү объектилери толук бүткөрүлгөн, 11 саламаттыкты сактоо объектилери, 3 социалдык коргоо объектилери, 14 маданият объекттери жана 6 турак жай-коммуналдык чарба объекттери.