Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери менен жолукту.

Жыйындын жүрүшүндө автобустардын линиядагы пландалган чыгуусун жогорулатуу, GPS трекерлерди орнотуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө электрондук билет системасын киргизүү, газ куюучу станцияларды куруу, ошондой эле айдоочулардын арасында маданиятты жана этиканы сактоо талкууланды.

Калаа  башчысы борбор калаанын транспорт тармагын жакшыртуу боюнча биргелешкен системалуу иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн алардын жеке жоопкерчилигин жетекчилерге эскертти.

Ташуучу компанияларга кыймылдуу составдын пландалган чыгуусун тез арада  көбөйтүү маселесин карап чыгуу жана иштеп жаткан кичи автобустардын техникалык абалын такай көзөмөлдөө сунушталды.

Шаардык транспорт башкармалыгына Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте тетиктердин баасына талдоо жүргүзүү, талапка жооп бербеген учурда ак ниетсиз ишкерлерге чара көрүү жана бааларды андан ары жөнгө салуу боюнча тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө маалымат жөнөтүү тапшырылды.

Урматтуу шаардыктар, жүргүнчүлөр! Коомдук транспорт боюнча кайрылууларды кабыл алууга биз ар дайым даярбыз (WhatsApp):

• Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0502205202;
• Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0555898555;
• Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0990306076.
• Бишкек шаарынын мэриясынын Call-борбору: 1850, 1840