12, 13 жана 14-ноябрда Элебесов көчөсү №204 а дарегинде жайгашкан «Күлүк» спорт мектебинде балдар, жаштар жана чоңдор арасында ат спорту боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт.

Мелдешке 30дан ашык спортчу катышат. Катышууга 10 жаштан жогорку балдар, жаштар жана чоңдор (эркектер жана аялдар) уруксат берилет.

Мелдештер Кыргыз Республикасында ат спортун жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана эң күчтүү спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлөт.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы  КРнын Ат спорту федерацияс менен биргеликте уюштурууда.