2-6-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында шахмат боюнча “Машыктыруучулардын мурасы – 2021” турнири өттү.

Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 150дөн ашык спортчу катышып, борбордон алты спортчу катышты. Алардын ичинен байгелерди:

Шабдан Токтобеков - уландар арасында В тайпасында экинчи орун;

Аманова Адия - кыздар арасында С тайпасында биринчи орун;

Арлан Усубалиев - уландар арасында С тайпасында 3-орун.

Ошондой эле шахматчылар Канимет Кыдырбеков, Асад Аманов жана Нурсултан Дайырбековдор катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш Омор Усупбаев, Рысбек Сыдыков, Эргеш Усупбаев, Азамат Элебесов, Тилек Мукановдун жаркын элесин эскерүү максатында өткөрүлдү.