Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Бишкек шаарынын  мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан кызыл сызыктан тышкары өз алдынча курулган же орнотулган объектилерди аныктоо иштери башталды.

Мыйзамсыз жер тилкелерине  административдик жоопкерчиликти болтурбоо максатында пайдаланылган жер участокторуна укуктарды өз убагында каттоо зарыл. Бул үчүн тиешелүү кызматтар менен байланышып, келишим түзүү керек:

- Чокморов №185 дареги боюнча «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине, телефон: 0312–45–68–09, e-mail: bga.kg@mail.ru;
- Жер ресурстары башкармалыгына,,  Чокморов көчөсү №246, телефон: 0312 45-41-13, e-mail: uzr@meria.kg;
- Муниципалдык мүлк башкармалыгына,   Жибек-Жолу проспектиси №495, телефон: 0312 67-11-32, e-mail: umi@meria.kg.

Урматтуу шаардыктар! Жер  пайдалануу жана курулуш эрежелерин бузбоону суранабыз!