Сиздерди 7-ноябрь Маалымат жана басма-сөз күнү  менен Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздер  эң маанилүү кесипти аркалап, түйшүктүү эмгегиңиздер менен элибиздин ой-пикирин, үмүт-тилегин чагылдырып, максат-ишенимин бекемдеп, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө зор салымыңыздарды кошуп келесиздер.

Өлкөдөгү, анын ичинде борбор калаабыз Бишкек шаарындагы көйгөйлөрдү чечүүдөгү, мэриянын аткарып жаткан  иштерин коомго ыкчам, так жана  таасирдүү жеткирүүдөгү эмгегиңиздер үчүн терең ыраазычлык билдирем! Коомчулукка акыйкат жана чынчыл маалымат таратуу вазийпаңарды татыктуу ишке ашырууңарга тилектешмин.

Сиздерге узун өмүр, чың ден соолук, бекем эрк, ташкындаган күч-кубат, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм! Калемиңиздер курчуй берсин!

Терең урматтоо менен, 

Бишкек шаарынын мэри                                    А. Джунушалиев