«Коломто» муниципалдык ишканасында  үй-жайы жок жарандарга жардам көрсөтүү акциясы өткөрүлдү.


Борбор калаадагы ресторандардын биринде үй-жайсыз калган 74 адамга ысык түшкү тамак (плов, салат, нан, чай) даярдалды.


Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан таң эртеден бери туруктуу жашаган жери жок адамдарды алып келүү иштери уюштурулуп, жардам көрсөтүлдү.


Акцияга Биринчи май районунун акими Жамалбек Ырсалиев катышып, даамдуу жардам үчүн компанияга ыраазычылык билдирди.


Эске сала кетсек, «Коломто» муниципалдык ишканасы  1998-жылдын август айынан бери жыл бою иштеп келет, оор турмуштук кырдаалга туш болгон селсаяктарга жардам жана колдоо көрсөтөт, мекеме 70 адамга ылайыкталган.


«Коломто» мекемесине күнүнө 100гө жакын туруктуу жашаган жери жок адамдар келип, түнөп, тамактанып, медициналык кароодон жана баштапкы санитардык тазалоодон өтүшөт, ошондой эле душка түшүшөт, кир жуучу жайда кир жуушат. Кийим-кече жок болсо мекеме камсыздап берет.


Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары! Сиз да жардамга муктаж жарандарга жардам берүүнү кааласаңыз, биздин эшигибиз сиз үчүн ар дайым ачык. «Коломто»  Жибек-Жолу пр., 413 дарегинде жайгашкан, телефон: 0312 304855, 0555046706 Айгүл Дондоевна (директор).